• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Быйыл 492 объектти бүткөрүүгө 2,4 млрд сом бөлүп берүү каралууда

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 2022-жылы 492 объектти бүткөрүүгө Каржы министрлиги тарабынан 2,4 млрд сом бөлүп берүү каралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамкурулуш агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

Анын айтымында, 492 объекттин ичинен ичинен 333ү курулуш, 62си соцобъектилерди оңдоп-түзөө жана 92си калкты таза суу менен камсыздоо объектиси болуп саналат.

“Жогорудагы 333 объекттин ичинен 226сы мектеп, 44ү бала бакча, 30у саламаттык сактоо мекемеси, 27и спорт жана маданият тармагындагы имарат жана алтоо башка мекеме”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий