• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Быйыл бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 2 миң 690 факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгында бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 2 миң 690 факты аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эрлан Сманов билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 455,2 млн сомду түзгөн.

“Анын ичинде укук бузуулар жөнүндө 2 миң 492 иш ачылып, аларды кароонун жыйынтыгы боюнча 16 млн сомдон ашык суммага айыппул салынган жана 255,5 млн сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ачылган кылмыштардын, аныкталган иштери боюнча 198 материал өткөрүлүп берилген. Алар боюнча 140,1 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулган”, - дейт ал.

Сманов бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жыйынтык суммасы 228,4 млн сомго көбөйгөнүн белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий