• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл январь-май айларында жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек 14.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд сом каржыланды;
  • Максаттуу трансферттер боюнча - 2,7 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинен:

  • бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98, 2 млн сом бөлүндү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92,4 млн сом;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32,1 млн сом;
  • Бишкек шаары (бирдиктүү салык) - 2,3 млрд сом;
  • Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча - 117, 5 млн сом;
  • Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;
  • Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;
  • калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга– 102, 6 млн сом;
  • облустардагы өкүлчүлүктөрүнө -186,5 млн сом;
  • облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна -12,5 млн сом;
  • электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;
  • райондук мамлекеттик администрацияларга – 323,7 млн сом;
  • райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12,5 млн сом;
  • облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138,2 млн сом;
  • райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97,7 млн сом;
  • Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий