Быйыл ИИМ Академиясын 100 курсант бүтүрдү

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясында салтанаттуу бүтүрүү аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, быйыл окуу жайды 100 курсант аяктап жатат, анын ичинен 5 курсант артыкчылык дипломдорун алышты.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин генералдары жана ардагерлери, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, жакындары, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Улан Ниязбеков курсанттарды куттуктап, мындан төрт жыл мурда эл жана мамлекет алдында коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө "ант" берген биздин курсанттар бүгүн окууларын ийгиликтүү аякташып, "милициянын офицери" наамына татыктуу болуп, ички иштер органдарынын катарына кошулуп жатканын белгиледи.

"Билим алуу - ийне менен кудук казгандай" деген элибиздин мыкты насаат сөзү бар. Академиядан алган билимди - иш жүзүндөгү ар кандай татаал учурларда туура колдонуп, эл үчүн ак кызмат өтөйсүздөр деп терең ишенебиз", - деди министр.

Билимге сугарылган курсанттарды билим уясынан чыгарып жатып, ИИМ Академиясынын башчысы Тариель Абитов мындан ары алган билимиңерди кызматтык тажрыйбаңар менен айкалыштырып, эл менен байланышты чыңдап, милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен жогорку кесипкөйлүктү жана кызматына жан дили менен берилгендикти көрсөсүңөр деген ишенимин билдирди.

"Элибиздин жыргалчылыгы, туруктуу жашоосу жана келечеги үчүн талыкпай иштеп, жарандардын эркиндигин бекем сактоого арналган багытыңарда дайыма ийгиликтер жарала беришине тилектешмин", - деген ал бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Салтанатту иш-чара курсанттардын сызыкча тобунун курал менен саптык көнүгүүлөрдү көрсөтүүсү жана бүтүрүүчүлөрдүн "Коштошуу офицердик вальсы" менен коштолду.

Салтанаттуу иш-чара үйлөмө аспаптар оркестринин аткаруусу менен бүтүрүүчүлөрдүн ИИМдин Академиясынын күжүрмөн туусу менен коштошуусу жана салтанаттык жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий