• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл кыргыз спортчулары ири спорттук мелдештерден 415 медаль утуп келишкен

Спорт 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Быйыл ири эл аралык спорттук иш-чараларда кыргызстандык спортчулар 415 медаль утуп келишкен. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев кабарлаган.

Анын айтуусунда, быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын байге куржунунда 103 алтын, 114 күмүш жана 198 коло медальбар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын курама командаларынын өкүлдөрү 6 медаль утуп келишкен, 5 алтын, 1 коло.

“Жылдын башында биз спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөрүп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу грек-рим күрөшү боюнча спортчулар командалык биргеликте биринчи орунду ээлешкен. Андан тышкары Азия оюндарында 3 алтын медаль утуп келишкен. Бул Кыргызстанда спорт бар экендигин жана ал өнүгүп жаткандыгын көрсөтөт”, - дейт Арпачиев.

Пикир

Оставить комментарий