• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дубайда Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 07.01.24./Кабар/. Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү.

Оюн 5-январда Дубайдын "Шабаб Аль-Ахли" стадионунда тараптардын макулдашуусу боюнча жабык режимде өттү.

Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, беттеш улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүп, расмий эмес жана машыгуучу мүнөзгө ээ болду.

Оюн 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Улуттук кураманын жалгыз голун оюндун 48-мүнөтүндө Айзар Акматов киргизди.

"Ак шумкарлардын" Азия биринчилине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттеш Вьетнам курама командасы менен 9-январда Катарда өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий