Сузак районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.01.24./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дагы бир мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Күн мурун өткөн иш-чагара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.

Дарыканада турмуштук маанилүү дарылардын тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү.

Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 55 мамлекеттик дарыкана иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий