• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы ийгилик жараткан шахматчыларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов ийгилик жараткан шахматчыларды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-10-январь аралыгында Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өткөн. Мелдеште Ысык-Көл облусу 3-орунду камсыздаган.

Илияз Иманбетов спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алдыда интеллектуалдык оюндарга көп көңүл бурулуп, жетиштүү деңгээлде каржылык колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий