• 87
  • 90.59
  • 0.87

Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 27%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 25.11.24. /Диана Айдарова-Кабар/. Быйыл Кыргызстан менен Россия мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүү өстү. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов бүгүн, 25-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Элчи, кыргыз банктары санкцияга кабылган россиялык банктар менен операцияларды токтотконун, бирок, ошол эле учурда санкция жайылтылбаган банктар менен финансылык операциялар уланып жатканын айтты.

«Кыргызстандык банктар мындай чараларды көрүүгө аргасыз, анткени антпесе алар SWIFTтен (банктар өлкөлөр ортосунда төлөмдөрдү алмашуу үчүн колдонгон система) ажырап, экономикалык жашоо токтоп калмак. Бул аргасыз чара», - деди Вакунов.

Элчинин айтымында, 2024-жылдын жети айында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 27 пайызга өскөн.

«Бул сооданын өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода операцияларынын 90 пайыздан ашыгы рубль менен жүргүзүлөт. Бул иште Кыргызстан дагы, Орусия дагы эч кандай мыйзам бузган жок», — деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий