• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын ички керектөө 17 млрд кВт болору күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Бул жылы Кыргызстанда жылытуу мезгилинде электр энергиясын ички керектөө 17 млрд кВт/саат днгээлинде болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын башчысы Талайьек Байгазиев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы электр энергиясынын тартыштыгы 2,5 млрд кВт\саатты түзгөн. Бул жылы калк арасында электр энергиясына болгон суроо-талап өскөндүктөн, 17 млрд кВт/саат өндүрүү пландалууда.

"Элдер жайлуу шарттарды түзө башташты, жылдан-жылга жылуу пол, кондиционер жана башка жабдыктарды орноткондор көбөйүүдөю Бул бир жагынан жакшы. Бирок биз элдерди газ менен жылытууга өтүүгө чакырабыз", - деди ал.

Байгазиев Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен электр энергиясын импорттоого келишим түзүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий