• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБине көмүр качан сатып алынат. Энергохолдингдин жообу

Коом 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Бишкек ЖЭБине көмүрдү качан сатып алуу пландалып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өткөн аптада Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча конкурс өттү.

"Быйыл 550 миң тонна "Д" үлгүсүндөгү көмүр сатып алуу пландалууда. Учурда комиссия иш алып барууда, жакынкы арада чечим чыгарат. Быйыл сынакка катышуу үчүн эки компания арыз берген, экөөнүн тең көмүрү жакшы сапатта. Ушул аптада конкурстун жыйынтыгы чыгарылат”, - деди Байгазиев

Пикир

Оставить комментарий