• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда эт, жумуртка жана сүт көп өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда эт 4,9 миң тоннага көп өндүрүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын январь-февралында 190,2 тонна эт өндүрүлгөн. Ал өткөн жылга караганда 2,6 пайызга көп.

“Сүт 800,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14,6 миң тоннага көп алынган. Ал эми ушул эле аралыкта 305,1 млн даана жумуртка алынып, 2021-жылга караганда 12,5 млн даанага көп өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий