• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин базарларында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Акыркы учурда өлкө аймагында көп катталып жаткан өрттөн улам Өзгөчө кырдаалдар министригинин кызматкерлери өрт коопсуздугун сактоо боюнча окууларды өткөрүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" сыяктуу ири базарларда сатуучуларга өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Өрт чыгуунун негизги себептери болуп электр жабдыктарды туура эмес иштетүү жана тамекинин толук өчө элек калдыктарын ыргыттуу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий