Быйыл Кыргызстанда мугалимдердин эмгек өргүүсүн төлөөгө 7 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине эмгек өргүүсүн төлөө жөнүндө маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты. Мугалим жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд сомду түздү.

2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган. Ошентип:

  • Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды;
  • Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды;
  • Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды;
  • Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды;
  • Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Пикир

Оставить комментарий