• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл Кыргызстанда үрөн, көчөт, асыл-тукум урук менен камсыздоо жогорку деңгээлде болду

Экономика 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы министрликтеги орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, бир катар жетишкендиктер белгиленди.

Алсак, мамлекеттик дотация аркылуу түзүлгөн келишимдердин негизинде республика боюнча дыйкан жана фермерлерге 2 827,6 тонна жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, үрөнчүлүк чарбалар тарабынан министрликке караштуу Райондук аградык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу таркатылды.Таркатылган үрөндүн акча каражаты 35,1 млн сомду түзүп, үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2047 жеткен.

Анын ичинен буудай үрөнү 22,9 миң тонна керектелсе, 22,3 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,1 пайызга, арпа 44,2 миң тонна керектелсе, 43 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,4 пайызды түзгөн.

Ал эми асыл-тукум материалы боюнча жасалма уруктандыруу жол менен уруктандырылган малдын саны 77 626 башты түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 178 башка көп, болду.

Мындан сырткары, 496,4 миң баш бодо, 11,7 миң баш жылкы, 5,9 миң баш чочко малдар идентификацияланып, СИОЖ системасына киргизилди.

Ал эми балык чарбасында 2024-жылдын 1-октябрына карата балык жаңы ачылган чарбалардын саны 35ти түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21ге көбөйдү. Балык көлмөлөрүн балыктандыруу 28,8 млн. даананы түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 8,6 млн даанага көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий