Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстандан 3 миң 875 тонна кара өрүк экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Кыргызстанда жалпы 2325 га жерде кара өрүк өсөт. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Талас облусунун Бакай-Ата райондорунда кеңири тараган. Кара өрүк көбүнчө Казакстан, Өзбекстан жана Россияга экспорттолот. 2024-жылы жалпы 3875 т кургатылбаган продукция экспортко чыгарылган. Белгиленгендей, ушул тапта кургатылган кара өрүктү экспорттоо (как) активдүү жүрүп жатат.
Кара өрүк дүйнөдөгү организмге керектүү витаминдерге бай бирден бир пайдалуу азык. Анын курамында адамга керектүү темир, кальций, фосфор, магний, маргенец жана башка бир топ керектүү витаминдер бар. Ошондой эле ал ичеги-карындын, жүрөк-кан тамыр системаларынын иштөөсүнө, бөйрөк, боор ооруларын алдын алып, остеопороз менен күрөшөт. Андан сырткары, рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоолдук жаратат.
Пикир
Оставить комментарий