Быйыл кыргызстандык айым-режиссерлордун кинофоруму Ошто өтөт

Маданият 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын айым-режиссерлорунун V кинофоруму" Ош шаарында 11-13-май күндөрү өтөт. Быйылкы кинофорум советтик кыргыз режиссер айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат. Бул тууралуу "Азия чыгармачыл айымдары" коомдук фонду билдирет.

Кинофорумга катышуу үчүн Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан 50гө жакын тасма келип түштү. Булар – кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар. Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссерлор, операторлор жана монтажерлер киришти. Кинофорумдун программасына 14 тасма тандалып алынды: анын ичинен 11 тасма Кыргызстандан, 2 фильм Казакстандан жана 1 тасма Өзбекстандан.

Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген кесипкөй киночулар тарабынан мастер-класстар жана семинарлар берилип, тегерек столдор-талкуулар уюштурулат.

Кинофорумдун аягында режиссер Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” аттуу даректүү тасмасынын улуттук бетачары болот. Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган.


Маалымат үчүн: “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду жыл сайын Кыргызстан айым-режиссерлорунун кинофорумунун өткөрүп келет. V кинофорум Швейцария өкмөтүнүн жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Кинофорумга тандалып алынган тасмалардын тизмеси

Пикир

Оставить комментарий