• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйыл Ош шаарына 300 миңге жакын бак-дарактын көчөттөрү отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ошто шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди.

Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы шаарга 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу болжолдонууда.

Ошондой эле шаардын жол жээктерине, жашыл аймактарына, эс алуу бактарына, аллеяларга 20 миңге жакын бадал, 20га жакын гүлдүн 1,5 миллиондон ашуун түрү отургузулат.

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган айылдарда жана шаар четиндеги аймактарда мекеме-ишканалар жана жергиликтүү тургундар тарабынан 280 миңге жакын ар кандай сорттогу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий