Сузак районунда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Сузак районунунда советтик жоокерлердин Афганистандан жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленип, кан майданда курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Ооган согушунун ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.

Облус башчысы согуш ардагерлерине мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлүп келе жатканын белгилеп, анын жеткиликтүүлүгүн арттыруу аракеттери дагы да колго алынаарына токтолду.

"Өлкөбүздүн тынчтыгын сактоо милетин ар-намыстуулук менен аткарганыңыздар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем! Элбиз ооган согушунда каармандык көрсөтүп курман болгон ар бир мекендешибизди эч качан унутпайт", – деди Абсаттар Сыргабаев.

Эскерте кетсек, Афганистандагы согушта советтик жоокерлер өздөрүнүн интернационалдык милдетин дээрлик 10 жыл аткарышкан. Ага Жалал-Абад облусунан эки миңге жакын жоокер катышкан. Азыркы учурда облуста 900дөн ашуун согуш ардагери, майыптык алган 15 катышуучу бар.

Бул жылы КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан Ооган согушунда жараат алган, курман болгон жоокерлердин жакындарын материалдык колдоо көрсөтүү максатында 70 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий