• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, афган согушунун ардагерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.

Эскерүү иш-чарасында каза болгон аскерлерге арналган эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго куран окулду.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтып, алар эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, афган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган. Алардын арасынан 17 жоокер курман болгон. Учурда калаада 79 афган согушунун катышуучусу бар. Аларга мамлекет тарабынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий