• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнө ички иштер органдарынын тиешеси жок — милиция

Аймак 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иш Баткен облустук милициясынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25 жаштагы М.Ш., 27 жаштагы Г.Д. жана 24 жаштагы А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий