• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал тартиби жарыяланды

Аймак 0

Бишкк, 19.03.22. /Кабар/. Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал тартиби жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаарда 17нен 18-мартка караган түнү катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада суунун нугу бурулуп, шаардын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын табигый сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон.

Натыйжада Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган. Ага байланыштуу шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар аймагына 18-марттан тартып өзгөчө абал тартибин жарыялоо боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, шаардагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик техникалар даяр абалга келтирилип, Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо жана медициналык кызматына да зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле тийиштүү мекемелерге сел канал жана сел арыктарды тазалап чыгуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий