• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Быйыл Ош шаарында 8,7 миң бала биринчи жолу мектеп босогосун аттады

Аймак 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Быйыл Ош шаарында 8,7 миң бала 1-класска барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү.

Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, ошол эле учурда бала бакчаларга 2500дөн ашык бала кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында быйыл жылдын аягына чейин 1825 орундуу жалпы 4 мектеп пайдаланууга берилет.

Алар: Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 625, Ирригатор көчөсүндө 275, Мээркан айылында 225 жана В.Терешкова атындагы (жатак) 700 орундуу мектептер.

Пикир

Оставить комментарий