• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй: Москва районунда түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 14 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда 13-14-июль күндөрү “Өспүрүм түн” аталышында профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд учурунда кафе-ресторандар, интернет жана компьютердик клубдар, унаа жуучу жайлар, автобекеттер жана парктар текшерилген.

Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жыйынтыгында түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 14 өспүрүм аныкталды. Алардын ата-энелери милиция бөлүмүнө чакыртылып, профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий