• 87
  • 90.43
  • 0.88

Быйыл Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 42 млрд сомго жетти

Экономика 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Быйыл Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 42 млрд сомго жетти. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге өскөнүнөн кабар берет. Анда министрликтин бюджети 19 млрд сомду түзгөн.

"Бул өсүш тармактын каржылоо деңгээлинин олуттуу жакшырганын далилдейт. 2025-жылга карата саламаттыкты сактоо системасынын бюджети 46 млрд сомго жетери болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий