• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Быйыл Сибирь ЖОЖдоруна кыргызстандык 199 абитуриент кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Быйыл Сибирь ЖОЖдоруна кыргызстандык 199 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 199 абитуриенттин 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн.

Абитуриенттер төмөнкү жогорку окуу жайларга тапшырышты:

Томск жогорку окуу жайлары - Сибирь мамлекеттик медициналык университети – 12 студент, Томск мамлекеттик университети – 105 студент ("Единство" коомдук фондунун көмөгү менен), Томск политехникалык университети – 3 студент жана Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети –22 студент;

Омск жогорку окуу жайлары - Омск мамлекеттик медициналык университети – 4 студент, Омск мамлекеттик техникалык университети – 16 студент;

Новосибирск жогорку окуу жайлары - Новосибирск мамлекеттик техникалык университети – 30 студент, Сибирь мамлекеттик байланыш жолдору университети – 2 студент жана Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университети – 5 студент.

Белгилей кетсек, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтыгын бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн алкагында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан 2023-2024 жана 2024-2025-окуу жылдарына 428 абитуриентке Сибирь жогорку окуу жайларына тапшырууга көмөк көрсөтүлгөн, алардын ичинен 398 абитуриент бюджеттик окуу формасына кабыл алынган.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-июндан 3-июлуна чейин Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана Омск жана Томск шаарларындагы Кыргызстандын ардактуу консулдары тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтерин кабыл алуу жана кирүү сынактарын өткөрүү үчүн Омск, Томск жана Новосибирск шаарларынын алдыңкы ЖОЖдорунун көчмө кабыл алуу комиссияларынын Бишкек шаарына баруусун уюштурууга көмөк көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий