Быйыл Тажикстанда 800 миллиондон ашык жумуртка өндүрүү пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Быйыл Тажикстанда 800 миллиондон ашык жумуртка өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алгачкы 2 айында тоок этин өндүрүү былтыркыга караганда 4,4 эсеге арткан.

"Быйылкы жылдын 2 айында Тажикстанда тоок эти 4,3 миң тоннадан ашык өндүрүлүп, былтыркы жылдын ошол эле мезгилине караганда 4,4 эсеге көп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2 айда 149,8 млн жумуртка өндүрүлгөн (1,5 эсе көп). Бул жылы 800 миллиондон ашык жумуртка өндүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий