• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Быйыл тогуз айда Кыргызстандын ИДПсы 6%га азайды

Экономика 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Алдын ала эсептөөлөр боюнча быйыл январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы (ички дүң продукт) өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6%га азайып, 400,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 350,4 млрд сом түзүп, өткөн жылга караганда 7,1%га азайган.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү дээрлик бардык тармактарда болгон.

Пикир

Оставить комментарий