• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 316 учур катталды. Жалпы 62 миң 175

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 62 миң 175 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 316 жаңы учур катталды. Ал эми 332 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 59 миң 95 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 516 бейтап каза болду. 2 миң 564 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий