• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Быйыл Жалал-Абадда 35 жыл мурун башталган мектептин курулушу бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Быйыл Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат атындагы 624 орундуу мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 1989-жылы башталып, каржылоо жоктугунан токтоп турган.

"Билим берүү уясынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоору кайрадан иштелип чыгып, курулуш иштери жанданган", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор боюнча, каралган 3-кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, актовый зал, ашканасы менен курулду. Учурда мектептин курулушу 98 пайызга бүткөрүлдү.

Белгиленгендей, учурда курулуш-монтаждоо иштери "Кулжа" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Мектептин тендердик баасы 81 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий