• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт! Баткен облусунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн Баткен облустук штабда облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Алар;

-10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;

-Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;

-Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;

-Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;

-Той же мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;

-Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;

-Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;

-Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштейт.

Пикир

Оставить комментарий