• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аймактарды өнүктүрүү: Таласта "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башчысы бала бакча курууда

Аймак 0

Талас, 22.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү тууралуу жарлыгы ар тараптан колдоого алынууда. Мамлекеттик жана эл аралык уюмдардан тышкары, бул демилгеге меценат, бизнесмен, ири мекемелердин жетекчилери ж.б. өз салымын кошууда.

Маселен, Талас шаарында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев өз каражатына 175 орундуу бала бакча курууда.

Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековдун айтымында, бала бакчанын курулушу ушул жылы башталган. Ал келерки жылы апрель айында ачылары белгиленүүдө.

"Биздин шаар өнүгүп-өсүүдө. Ошол эле учурда бала бакчалардын жетишсиздиги – шаардагы башкы социалдык маселелердин бири. Союз учурунда тургузулган көптөгөн бала бакчалар жеке менчикке өтүп кеткен же ар кайсы объекттерге берилип кеткен", - деген мэр, бүгүнкү күнү Талас шаарына дагы 10дон ашык бала бакча керектигин айтып өттү.

Сөзүнүн аягында калаа башчысы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир катар социалдык объекттерди куруу пландалып жатканын белгиледи.

Сүрөттөр Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий