• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Быйыл Жалал-Абадда 780ден ашуун кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин 2021-жылдын 1-чейрегине карата жыйынтыгы чыгарылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кеңешмеде коюлган меселелер каралып, отчеттук мезгилде аткарылган жумуштар, андагы кемчиликтер жана алдыда аткара турган иштер талкууга алынды. Аны менен катар жумушту жакшыртууга жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында бир топ талаптар коюлду.

“2021-жылдын 3 ай ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 2 миң 600дөн ашуун (былтыр 2 миң 250дөн ашуун) материал катталган. Катталган арыз-доолор боюнча 780ден ашуун кылмыштын бети ачылып, анын ичинен 400дөн ашууну соттун кароосуна жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.

Катталган кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 52,3%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий