• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл жолдорду оңдоого 17,5 млрд сом багытталат — Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 14.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы жолдорду оңдоого 17,5 млрд сом багытталат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

“Быйылкы жылы жол тармагына тиешелүү материалдарды, анын ичинен битум сатып алуу жана жолдорду оңдоого 17,5 млрд сом багытталат. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында жумуштардын аткарылышы 2,3 млрд сомду түздү”, - дейт ал.

Бакетаев кошумчалагандай, энергетика тармагына быйыл 17 млрд сомдон ашык каражат жумшоо каралууда.

“Азык-түлүк коопсуздугуна 8,5 млрд сом, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 12 млрд сом жана айыл чарба тармагына 23,6 млрд сом бөлүнөт”, - деди министр.

Белгилей кетсек, жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Пикир

Оставить комментарий