• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстанда март айынын экинчи бөлүгүндө күйүүчү майдын баасы 1,5-2%га арзандайт

Экономика 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда март айынын экинчи бөлүгүндө күйүүчү майдын баасы 1,5-2%га арзандайт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Ассоциациядан билдиришкендей, апта башында, дүйшөмбү күнү мунай баасы бир топ түшкөндөн кийин, шейшемби күндүн жыйынтыгы менен алдыңкы дүйнөлүк биржаларда анын баасы бир аз көтөрүлгөн.

"Маалыматка ылайык россиялык мунайзат рыногунда күйүүчү майдын дүң баасынын бир аз төмөндөгөнү байкалат. Жогоруда айтылган жагдайлардан жана сомго карата доллардын курсунун кескин өсүшүн эсепке алганда март айынын экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда баалар 1,5-2%га арзандайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий