• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Султанбаев Беларустун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Беларус тарап ири өнөр жай ишканаларынын Кыргызстан менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзбайланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринеэл аралык бизнес-форумдарга, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышууга көмөк көрсөтүү, Кыргызстан менен Беларустун Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий