• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү. Кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Saatenberg H&C GmbH” компаниясынын башкы директору Игорь Безридний менен жолугушту.

Германиядагы кыргыз элчилигинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 3-майда Берлинде өткөн.

Компаниясынын жетекчиси Кыргыз Республикасында Германиядан келген технологияларды жана үрөндөрдү колдонуу аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүү ниети тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Кыргызстанда ар түрдүү тармактардагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Германияда немис-кыргыз инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өлкө жетекчилиги Германиядан келген компанияларга жана инвесторлорго өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.


Маалымат үчүн: “Saatenberg H&C GmbH” — 2012-жылы Германияда негизделген, азык-түлүк жаатында эл аралык дүң соодасы менен алектенген компания.

Компаниянын Индонезия, Кытай, Сейшел аралдары, Шри-Ланка, АКШ, Казакстан, Таиланд, Тайвань, Түркия, Өзбекстан, Индия, Россия, Украина, Улуу Британия, Болгария, Польша, Германия, Италия, Франция, Бельгия, Нидерланды, Португалия, Литва, Латвия, Эстония, Испания сыяктуу өлкөлөр менен иштөө тажрыйбасы бар.

Пикир

Оставить комментарий