• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйылкы кыргызстандык ажылардын кемселин тиге турган ишкана аныкталды

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. 2023-жылдагы ажылык сапарга барчулардын кемселин "Шаң стиль" ЖЧКсы тигип бере турган болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы ажылыкты уюштуруу штабы Кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел тигүүчүлөр ортосунда сынак өткөрүп, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти.

"Конкурска 5 ишкер документ тапшырып, жыйынтыгында "Шаң стиль" ишканасы жеңди. Ар бир кемселдин баасы 15 долларга айланат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий