• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Кыргызстанга Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри келди

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кадырлуу меймандарды "Манас" эл аралык аба майданынан кыргызстандык кесиптеши Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.

Министр Александр Куренковдун иш сапарынын алкагында бүгүн, 1-мартта Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий