Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында салыктар боюнча 6,4 млрд сом түшпөй калган.
“Бажы төлөмдөрү боюнча 7,7 млрд сом түшкөн жок. Жалпысынан 14 млрд сом жоготуу болду”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий