• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди – Сүйүнбек Касмамбетов

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, I курултайда көбүнчө мектеп, бала бакча, ооруканалар сыяктуу ички социалдык маселелер көтөрүлгөн. Ал эми II курултайда чарбалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу жана суу маселеси өтө курч болгон.

"II курултайда делегаттар тарабынан орчундуу көйгөйлөр көтөрүлүп, 3160 сунуш келип түшкөн. Аталган сунуштар боюнча курултайдын катчылыгы, президенттин администрациясы биргеликте бир жыл бою иш алып барды. Жыйынтыгында сунуштардын 70 пайызы аткарылып, калгандары каралууда", - деп белгиледи Касмамбетов.

Ал ошондой эле III Элдик курултайда стратегиялык маселелерге басым жасаларын айтты.

"Быйылкы курултайдын өзгөчөлүгү I жана II курултайга салыштырмалуу агартуу тармагынан 169, андан кийинки орунда курулуш тармагынан көп өкүлдөр келишти. Эгерде делегаттар массалык маалымат каражаттарына же министрликтерге же түз эле президентке кайрылса да, ар бири курултайдын катчылыгына катоого алынуу менен сөзсүз түрдө эске алынып, кийинки жылга аткарылууга милдеттүү түрдө жиберилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий