Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/. Былтыркы курултайда келип түшкөн кайрылуулардын 99 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министр белгилегендей, делегаттар тарабынан айтылган ар бир сунуш эске алынат.
"Ар бир кайрылган делегаттардын маселеси орундуу жана биз үчүн маанилүү. Биздин башкы максат - элге жарык жана жылуулук берүү. Былтыркы курултайда келип түшкөн кайрылуулардын 99 пайызы аткарылып, 1 пайызы учурда аткаруу процессинде. Быйыл түшкөн кайрылуулар дагы 100 пайыз аткарылат", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий