• 88.68
  • 95
  • 0.95

25-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +8...+13, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +6...+11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын табы +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий