• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

CӨМ: IT тармагында адистерди даярдоо максатында үч тараптуу меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, меморандум IT тармагында адистерди даярдоо жана окутуунун сапатын жакшыртуу максатын көздөйт жана Кыргызстандын окуу жайларынын окутуучулук курамынын потенциалын бекемдөөгө жана заманбап маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү менен байланышкан программалык дисциплиналарды окутуу үчүн колдонулган окуу программаларын, методикаларын жана материалдарын өркүндөтүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында тараптар окуу жайлардын мугалимдери, окутуучулары жана кызматкерлери, ошондой эле окуучулар үчүн окуу программаларын, курстарды, тренингдерди жана башка окутуучу иш-чараларды биргелешип иштеп чыгуу жана өркүндөтүү жөнүндө макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү боюнча маалымат жана пикир алмашып, окутуучулардын билимин жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурушат.

Меморандум Кыргызстандагы билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистерди окутуунун жана даярдоонун сапатын жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий