• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

CAFA-2020: Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстандын командасын утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы үчүнчү беттешинде Тажикстандын курамасын жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш 26-январда Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.

Мелдештин үчүнчү турунда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары оюн өткөрдү. Улуттук кураманын оюнчулары атаандашын 2:0 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, CAFA-2020 чемпионатында улуттук курама алгачкы оюнунда Афганистанды 3:0 эсебинде утса, экинчи оюнда Өзбекстандын командасына 4:7 эсебинде жеңилип калган.

Чемпионаттагы үч беттештин кийин тизменин сап башында Иран менен Өзбекстандын командалары турса, Кыргызстан 6 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Кыргызстандын кийинки оюну 28-январда Түркмөнстандын командасы менен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий