• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР мамлекеттик орган кызматкерлеринин V спартакиадасы аяктады

Спорт 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. КР мамлекеттик орган кызматкерлеринин V спартакиадасында КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 1-2-орундарды алышты. Бул тууралуу аталган мамагенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 2017-жылдын 12-16-майында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн КР мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасына катышты.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар: футбол, волейбол, бильярд, теннис, жеңил отлетика жана башка спорттун 12 түрү боюнча ат салышты.

Иш-чара быйыл бешинчи ирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду.

Спартакиаданын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери:

1-орун: - 50-55 жаштагы айымдар арасындагы дене тарбия көнүгүүлөрү боюнча, диплом жана медаль менен Тыналиева Айнура;

2-орун: - 90 киллограмм салмактагы мырзалар арасындагы кол күрөш боюнча диплом жана медаль менен Асан уулу Талгат;

2-орун: 35 жашка чейинки кыздар арасында 500 метрге чуркоо боюнча диплом жана медаль менен Эрик кызы Айгерим сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий