• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

CAFA U-17. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Афганистанга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Борбор Азия - CAFA U-17 турниринин алкагында Афганистандын командасы менен беттешти.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, беттеш кечээ, 20-августта Тажикстандын борбордук Гиссара стадионунда өттү. Оюн 0:3 эсебинде Афганистандын пайдасына аяктады.

Белгиленгендей, аталган турнирге Афганистан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандын командалары катышууда. Оюндар 20-27-август аралыгында Тажикстандын стадиондорунда өтөт.

Сүрөттөр Кыргыз футбол союзунуку

Пикир

Оставить комментарий