• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

CAFA U-20. Кыргызстандын курамасы экинчи орунга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Күн мурун Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.

Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев турнирдин жеңүүчүлөрүнө кубокту тапшырды.

Турнирдин жыйынтыгы:

  • 1-орун – Иран;
  • 2-орун – Кыргызстан;
  • 3-орун – Өзбекстан;
  • 4-орун – Тажикстан;
  • 5-орун – Афганистан;
  • 6-орун – Түркмөнстан.

Пикир

Оставить комментарий