• 87.86
  • 93.94
  • 1

Cалык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам 2023-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө”, “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу болуп саналат.

Тактап айтканда, Мыйзам таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталган ченемдерди белгилейт.

Мыйзамга ылайык төмөнкүлөр жүргүзүлөт:

  1. Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъекттердин салыктык карыздарын кечирүү.
  1. Кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (учурда 30 миллион сомго чейин).
  1. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды аткарган жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу.
  1. Бирдиктүү салыктын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык салыкты белгилөө;

2) соода үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын накталай акча үчүн 4 пайыздан жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2 пайыздан төмөндөтүү:

– 0,5 % - жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

– 1 % - 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин жүгүртүү менен;

3) коомдук тамактануу кызматтары үчүн киреше көлөмү чектөөсүз:

– Бишкек жана Ош шаарларында:

а) 6 пайыз – накталай түрдө;

б) 4 пайыз – накталай эмес формада;

– Кыргыз Республикасынын калган аймактарында:

а) 4 пайыз - накталай түрдө;

б) 2 пайыз - накталай эмес формада.

4) Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн:

– 2023 жана 2024-жылдары - 0,5 пайыз;

– 2025 жана 2026-жылдары - 1 пайыз;

– 2027-жылдан – 2 пайыз.

  1. Соода ишин жүргүзүүгө патенттердин колдонуу мөөнөтү

2024-жылдын 1-январына чейин белгиленет.

  1. Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн ККМ чекти бербөө бөлүгүндө азайтуу, биринчи укук бузуу үчүн эскертүү, экинчиси үчүн айып пулдар жеке жактарга 500 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө, ал эми кийинки укук бузуулар үчүн жеке адамдарга 3000 сом жана юридикалык жактарга 13000 сом өлчөмүндө каралган.
  1. ККМ колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн 30 күндүк мөөнөттө айып пулду төлөөдө айып пул 70 %га кыскарат деп каралган.
  1. Эгерде Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык келишимде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ченемдер белгиленсе (жаңы салыктарды киргизүүнү кошпогондо), инвестициялык келишимдин ченемдери колдонулат.
  1. Салык ставкаларынын чегинде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык маанидеги уюмдар тарабынан сатылган товарлардан, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн киреше салыгы, КНС жана сатуудан алынуучу салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  1. Нефтини кайра иштетүү, химиялык жана мунай-химиялык өндүрүш чөйрөсүндөгү ишмердик жүргүзгөн субъекттер негизги каражаттар катары алып келинүүчү (импорт) товарларга КНСти төлөөдөн бошотулат.
  1. Жогорку технологиялар паркынын резиденттери, жеткирүү жери Кыргыз Республикасы болгон, кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмга карата салык агентинин милдетинен бошотулат («кайтарым КНС»).
  1. Кыргыз Республикасында чыгарылган транспорт каражаттарын сатуучу Кыргыз Республикасынын ишканалары КНСтен бошотулат.
  1. Өзгөчө режими бар соода зоналарында иш жүргүзүү үчүн атайын салык режимин түзүү. Мындай зоналардын субъекттери контролдук-кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулат жана мындай иштерди жүргүзүү үчүн салыктын жылдык суммасы ай сайын жылдык жүгүртүүгө жараша белгиленген өлчөмдө бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
  1. Салык кодекси күчүнө кирген күнгө чейин каттоодон өткөн жана айыл чарба өндүрүүчүсү, кооператив, соода-логистикалык борбор катары иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин узартылат.
  1. Күмүш, жез, сурьма, сымап камтыган рудаларды жана концентраттарды саткан тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү ишканаларынын кирешелерине салык киргизилет, алардын салыктык базасы болуп Лондон металл биржасында белгиленген дүйнөлүк бааларга жараша рудалардагы жана концентраттардагы металлдардын наркы саналат.

Күчүнө кирүүнүн башка мөөнөтү аныкталган айрым ченемдерди кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий