• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

МСК: Cалык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоого 3 жума калды

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга 3 жумадан аз убакыт калганын эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай жеңилдик Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 50 пайызга эсептен чыгарылат.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган Мыйзам күчүнө киргенден тартып – 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 1-декабрына чейинки абал боюнча 10 миң 343 салык төлөөчүнүн 631,4 млн сом суммасындагы туум, айып жана салык санкциялары эсептен чыгарылган. Алар тарабынан салык боюнча 450,7 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 310,1 млн сом суммасында карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий